Урматтуу шаардыктар! Баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында Бишкек шаарынын мэриясы борбордук базарларда жана дүкөндөрдө баа саясатына көз салып, социалдык маанилүү товарларга карата толук мониторинг жүргүзүп келет.

Бүгүнкү күндө базарда казак өндүрүүчүлөрүнүн жогорку сорттогу уну 31 сомдон 38 сомго чейин, биринчи сорт – болжол менен 26-32 сом, "Народный", "Фрунзе" жана "Глобус" супермаркеттеринде жогорку сорттогу ундун баасы 38 сомду жана биринчи сорту — 32 сомду түзүүдө.

Базарларда жергиликтүү өндүрүштүн уну: жогорку сорт – 30-38 сом, биринчи сорт – 26 сомдон 28 сомго чейин, ал эми супермаркеттерде ундун наркы 33 сомго чейин жетет.

Пастеризацияланган сүт (2,5-3,2%) бардык жерде болжол менен бирдей – 35 сомдон 40 сомго чейин. Супермаркеттердеги майлуу майдын 1 кг 360 сом, ал эми базарда 300 сомдон сатып алууга болот.

Эттин баасы туруктуу, анын наркы 300 сомдон 370 сомго чейин.

Дүкөндөрдө кумшекердин баасы 38 сомдон 42 сомго чейин, ал эми Ош базарында 38 сомдон табууга болот.

Жергиликтүү өндүрүштөгү кесме азыктары болжол менен 38-40 сом, ал эми Казакстандыкы – 40-50 сом.

Бүгүн картошканын баасы "Народный" дүкөнүндө 21 сом, "Фрунзе" дүкөнүндө 26 сом, ал эми "Глобус" дүкөнүндө - 23 сом турат. Базарда картошканын баасы 16 сомдон башталат.

Гречка дүкөндөрдө 63 сомдон 70 сомго чейин турат, базардагы баасы 60 сомго чейин.

Ар бир соода түйүндөрүндө азык-түлүк жетиштүү жана запастары бар.

Баалардын мындай мониторинги күн сайын өтүп турат.

Урматтуу шаардыктар! Борбордогу соода түйүндөрдө баанын негизсиз жогорулаганын көрсөңүз, фото жана видеофактыларды WhatsApp: 0705 170 000 номуруна жиберип же 323765 чалсаңыз болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!