Урматтуу шаардыктар! Дүйнө жүзүндө таажылуу вирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы борбордун тургундарынын коопсуздугу үчүн жогорку даярдыктагы режимди жарыялады.

Коронавирусту жайылтуу менен байланышкан тышкы факторлордун терс таасирлерин азайтуу жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн Бишкекте шаардык штаб түзүлгөн.

Тиешелүү буйрукка экономикалык жана каржылык маселелер боюнча шаардын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев тарабынан кол коюлду.

Шаардык штаб борбордун социалдык-экономикалык абалына ар дайым мониторинг жүргүзүп, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына жана алардын запастарына болгон бааларды күн сайын талдоого алат. 17- мартта базарлардагы жана дүкөндөрдөгү азык-түлүк бааларын бул жерден таба аласыз: http://www.meria.kg/ru/post/19998

Экономикалык штабдын курамында биринчи вице-мэр А.Бакетаев, экономика жана инвестициялар департаментинин директорунун орун басары Сато Караш, мэриянын аппаратынын жана райондук акимиаттардын жетекчилери, экономисттердин жана финансисттердин командалары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ЭККМК жана шаардык финансы министрлигинин мүчөлөрү кирди.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!