19-марттан баштап Бишкек шаарында жылуулук өчүрүлөт. Мындай чечим ЖКнын вице-мэри Мирлан Амантуров башында турган күз-кыш мезгилинен өтүү боюнча ыкчам штабынын отурумунун жүрүшүндө кабыл алынды.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 2019-2020-жылдын жылытуу мезгилинин аякташы тууралуу буйрукка жакынкы арада кол коет.

Бекитилген критерийлер боюнча жылуулук менен камсыз кылуу эшикте беш күн катары менен орточо суткалык абанын температурасы +8  градустан  жогорулаганда токтотулат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!