Урматтуу шаардыктар! Эскерте кетсек, борбордук мэриянын шаардык жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы 2020-жылы 26-февралда жүздөгөн газ менен жүрүүчү автобустарды сатып алууга конкурс жарыялаган (CNG - compressed natural gas, LPG — Liquified petroleum gas).

Бүгүн конкурстук арыздардын тандоо аземи болуп, 7 катышуучу аныкталды:

1. ЖЧК "ДТ Техник";

2. Beiqi Foton motor Co. Ltd;

3. Минcк автоунаа заводу;

4. XIAMEN KING LONG UNITED AUTOMATIVE INDUSTRY Co.Ltd ;

5. Xiamen Golden Dragon Bus Co., Ltd;

6. Nanjing Golden Dragon Bus Co., Ltd;

7. ZHENGZHOUYUTONGBUSCO. Ltd;

Эртең талапкерлердин конкурстук арыздарын кароо боюнча тендердик комиссиянын жыйыны өтөт. Жыйынтыктары тууралуу жана сынактын бардык деталдары менен сиздерге кошумча кабарлайбыз.

Белгилесек, шаардык бюджеттен жаңы экологиялык автобустарды сатып алууга 650 миллион сом каралган.

Автобустар 2020-жылы жаңы чыгарылышы керек. Автобустун жалпы сыйымдуулугу-70тен ашык адамга ырасталып, отурган орундардын саны — 26дан кем эмес болуусу шарт.

Ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөр үчүн атайын пандустар орнотулган, ошондой эле коомдук транспортто электрондук билеттештирүү долбоорунун алкагында валидаторду орнотуу үчүн орун милдеттүү түрдө болуусу керек.

Тендерди утуп алган жөнөтүүчүлөр келишим түзүлгөн күндөн тартып 140 календардык күндүн ичинде автобустарды жеткирүүгө тийиш.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!