Бишкек шаарынын мэриясынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан жугуштуу оруулардын, анын ичинде таажылуу вирус инфекциясын алдын алуу максатында борбордун коомдук транспортторунда, маршруткаларда, автобустарда жана троллейбустарда дезинфекциялык иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Күн сайын каттамдагы 250дөн ашык маршрутка ар бир акыркы пунктта атайын дезинфекция жүргүзөт.

Белгилей кетсек, ошондой эле күнүмдүк толук санитардык дезинфекциялоону автобустар жана троллейбустар өтүшөт: кармагычтар, отургучтар, руль, панелдер жана эшиктин кармагычтары 1% хлорамидин эритмеси менен тазаланат.

Бардык коомдук транспортту дезинфекциялоо дайыма жүргүзүлөт жана улантылат.

Эр бир айдоочу күн сайын медициналык кароодон өтөт, дене басымы жогору болуп, сасык тумоого чалдыккан айдоочулар каттамга чыгарылбайт.

Урматтуу шаардыктар! Шаардык транспортто жүрүү учурунда атайын медициналык маскалар кийип, кармагыч жана эшиктин туткаларын, ошондой эле майда тыйын жэ кагаз акча кармаган соң антибактериалдык жуз аарчы менен колуңузду тазалаңызжана милдеттүү түрдө колуңузду самын менен жууну сунуштайбыз. Өзүңүздү сактаңыз!

Коомдук транспорттун иши боюнча төмөнкү номурларга кайрылыңыздар:

* Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы: 0703075727;

* Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы автобустардын иши тууралуу: 0553 022 753, 0772 173 743;

* Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0559733866

Бишкек-сүйүктүү сергек шаарыбыз!