Урматтуу шаардыктар жана жүргүнчүлөр! Март айынын башынан бери муниципалдык коомдук транспортто "Тулпар" акчасыз төлөм системасы иштеп жатат.

19 күндүн ичинде долбоор катуу бурулуш алды, шаардыктар 80 миңден ашуун көк түстөгү "Тулпар" карталарын сатып алышты. Күн сайын 15 миңден ашык шаар тургундары карта менен акы төлөп жол жүрүшүүдө. "Тулпар" колдонуучулардын рекорддук саны өткөн бейшембиге туура келди, болжол менен 22 миң накталай эмес сапарды камтыды.

Жаңы система менен 16 мектептин окуучулары колдонуп жатышат, жашыл түстөгү тулпарларды мектептерге жеткирүү уланууда, мектеп окуучулары карантин аяктагандан кийин карточка алышат.

Бүгүнкү күндө райондук акимиаттарда, ЖАБдарда 27 миңден ашык пенсионер өзүнүн кызыл карточкаларын алышты. Атайын категориядагы Тулпарларды ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген 619 адам сатып алышты.

Эскерте кетсек, "Тулпар" коомдук транспортторду электрондук билеттештирүү системасы - бул иштеп жаткан мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк долбоорлорунун бири. Абдан кыска убакыттын ичинде долбоор Москва шаарында өткөн "Мегаполис ХХІ КЫЛЫМ" Эл Аралык шаарлардын Ассамблеясынын эл аралык форумунда КМШ жана ЕАЭБ шаарларынын XII эл аралык сынагында эң мыкты деп табылып “Жашагың келген шаар - 2019"  аттуу сыйлык алууга жетишкен.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!