Мэр Азиз Суракматов ун өндүрүүчүлөр, фармацевттик компаниялардын өкүлдөрү, ири соода борборлордун жана базарлардын ээлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Муниципалитет башчысы шаардагы кырдаал республикалык, шаардык штабдардын көзөмөлүндө болоорун, кампаларда азык-түлүктүн запасы жетиштүү болгондуктан базарлар жана соода борборлор штаттык режимде ишин улантаарын билдирди.

А.Суракматов тамак-аш азыктарына жана кеңири колдонулуучу товарларга карата чайкоочулукка тыюу салынгандыгын эскертти. Баалардын негизсиз көтөрүү аракеттери КР КЖК №216-беренеси "Монополиялык аракеттер жана атаандаштыкты чектөөгө" боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу менен айыптар салынат.

"Дордой-Дыйкан" базарынын мүдүрү Эркин Салымбеков азык-түлүккө болгон баа өзгөрүлбөгөнүн жана мындан ары да жогорулабастыгын маалымдады. Ал ата мекендик ун өндүрүүчүлөргө кайрылып, продукцияны өз убагында жеткирип турууну суранды.

"Акун" ун чыгаруучу компаниясынын мүдүрү Улан Калдыбаевдин айтымында, өндүрүштө көйгөйлөр жок, баалар туруктуу сакталууда.

Шаардын ири гипермаркетинин жетекчилери кампалардагы запастар бар экендигин, жеткирүүдө көйгөйлөр жаралбаганын билдиришти, демек ызы-чуу салууга себеп жок.

"Неман" жана "ФармаМир" фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү белгилегендей, маскалар боюнча суроо-талап жогорулаганы байкалууда, аларды дарыкана түйүндөрүнө жеткирүүгө жетишпей жатышат. Жөнөкөй бир жолку масканын баасы 10 сомду түзөрүн белгилей кетели.

Ири базарлар, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар ишин улантат.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясынын командасы борбордун соода түйүндөрүндөгү бааларды мониторингин күнү-түнү жүргүзөт. Өтүнөбүз кабатыр болбоңуздар! Товарлардын запастары жетиштүү санда.

Биз сиздерди расмий булактардан маалымат алууңуздарды, социалдык тармактарда жана чаттарда такталбаган жалган маалыматтарды таркатпоону суранабыз! Чагымчылдыкка алдырбаңыздар!

Шаардыктардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күнү-түнү шаардык штаб иштеп жатканын эскертебиз. Бардык маселелер боюнча: 625813, 0555839379 номурларына чалып же WhatsApp: 0705 025 010 номуруна кайрылыңыздар. Компетенттүү кеңеш алуу үчүн, мамлекеттик санэпидем көзөмөлдүн: 0555 920241 номуруна чалыңыздар.

Бишкек-сүйүктүү сергек шаарыбыз!