Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы №6 мектеп-гимназиянын жаңы окуу корпусунун курулушуна сынак жарыялайт: http://zakupki.gov.kg/popp/

Өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын таралуу коркунучуна байланыштуу татаал абалдан улам курулуш жана оңдоо иштерин сатып алуу үчүн конкурстардын көбүнчө бөлүгү убактылуу токтотулган. Бирок бул чаралардын социалдык объектилерге, айрыкча мектеп жана бала бакчалардын курушуна тиешеси жок.

Мектептердин жана бала бакчалардын, аны менен бирге №6 мектептин аймагындагы спорт жана жыйын залын камтыган кошумча окуу корпусунун курулуш иштери улантылат.

Жаңы корпустун аянты эки миң чарчы метрден ашып, үч кабаттуу болот. Хореографиялык жана спорт залдар атайын бөлмөлөрү менен бирге, 130 орундук жыйын зал эстрадалык бөлүгү менен, кийинүүчү бөлмөлөр, окуу класстар, ошондой эле китеп сактоочу жай, архив, душ жана санузелдер, көмөкчү жайлар салынат.

Эски мектептин кошумча корпусу шаардык бюджеттин каражатына курулат. Казынада курулуштун биринчи этабына 9 млн.сом, ал эми жалпы долбоордун болжолдуу наркы 75 млн. сомду түзөт. Бул сумма сынактын жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!