"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды салуучу контейнерлерди жана аянттарды дезинфекциялап, дайыма жууп турушат.

Борбор калаанын төрт районунда, беш миңдей контейнер тазалоодон өтүүдө. Ишчилер таштандыларды күнүгө чыгарып, боксторду хлор менен жууп, дезинфекция жүргүзүшөт.

Октябрь районунун аймагындагы таштандыларды "КомТрансКом" ишканасы чыгарып дезинфекциялайт.

Биз шаардыктарды жана борборубуздун конокторун муниципалдык мүлккө аяр мамиле жасоого жана "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырабыз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр! Жеке гигиенаны жана тазалыкты сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү таза шаарыбыз!