КР коопсуздук кеңеши өлкөнүн аймагында 2020-жылдын 22-мартынан тарта, 1 айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады.
Шаардыктардын коопсуздугу учүн соода борборлордун (азык-түлүк саткандардан башка), дүкөндөрдүн, кийим-кече базарлардын, оюн-зоок мекемелердин, ар кандай клубдардын жана башка көп адам барган жерлердин толугу менен иши токотулат.

Кафе жана ресторандар тамак-ашты буйрутма менен жеткирүү түрүндө иш алып барат.

Азык-түлүк дүкөндөрү, базарлар жана дарыканалар үзгүлтүксүз ишин улантат!

Урматтуу жүргүнчүлөр! Сиздердин коопсуздугуңуздарды эске алуу менен борбордун коомдук транспорту кыскартылат,  белгиленгентей коомдук транспорт вирустун таралышынын кооптуу аймагы. Жүргүнчүлөрдү санитардык коопсуздук чараларын сактоо режиминде троллейбустар гана  тейлейт.  

Жеке менчик маршруткалардын иши толугу менен токтотулат!

Үйдө калууңуздарды, шаарда себепсиз жол жүрбөөнү өтүнөбүз!

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңуздөр! Жеке гигиенаны сактаңыздар! Коомдук жайларда медициналык бет кап тагыныңыздар! Колуңуздарды бат-баттан самын менен жууп, антисептик менен тазалап туруңуздар! Массалык салтанаттардан, кечелерден, мааракелерден баш тартыңыздар!
Маалыматты расмий булактардан алууну суранабыз!
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!