Бүгүн эртең менен "Ак-Тилек" текшерип-өткөрүү пунктунда Октябрь районунун акими Максим Ситников, Октябрь РИИБнин башчысы Уланбек Султанов менен биргеликте, Алматы шаарынан жаңы келген жарандарды тосуп алышты. Коопсуздук жана Ак-Тилек КППсы менен байланышты жок кылуу үчүн, колонаны милициянын кызматкерлери дайындалган чекитке чейин коштоп барышты.

137 кыргызстандыктар, анын ичинен: Шарм-эль-Шейхтен (Египет) 126 жана Бангкоктон (Таиланд) 11 адам мекенине кайтып келди.

Бардык жүргүнчүлөр шаардагы мейманканалардын бирине обсервацияга жайгаштырылышты. Аларды шаардын башкы санитардык врачы Айгүл Бейшеналиева, ӨКМ кызматкерлери тосуп алышты. Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын кызматкерлери коронавирус инфекциясын аныкоочу анализдерди алуу иштерин башташты, ал эми жарандар карантинде болот.

Шаардык штаб республикалык штаб менен макулдашып, кайтып келген кыргызстандыктарды обсервацияга жайгаштыруу боюнча иш чараларды улантууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!