Бишкектин турак-жай коммуналдык чарбасы боюнча вице-мэри Мирлан Амантуров, райондордун башчыларына вируска каршы алдын алуу иштерин ар бир кварталда, подъезде, райондо, бакчада күчөтүлүшүн тапшырды.

Борбордун башкы санитардык врачы Айгүл Бейшеналиева врачтар менен бирге ТСЖ төрагаларынын, үй жана кварталдык комитеттердин, ишкерлердин арасында, курулуштардын жана бөлмөлөрдүн ички жана тышкы дезинфекциялоочу каражаттары менен ыкмалары жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтөт.

"Бишкекшаарлифт" бардык лифттердин дезинфекция иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзөт.

"Түндүк Электр" ААК жана Чүй жогорку вольттуу электр тармактарынын (ЧуПВЭС) ишканасына шаардын тургундарын үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо тапшырылган.

"Бишкексууканал" ӨЭБсы шаардыктарды суу менен камсыз кылууну улантат.

Тазалыктын кызматкерлери өзгөчө шарттарда жана атайын техниканы тартуу менен обсервация жерлеринен тиричилик жана тамак-аш калдыктарын ташып чыгат.

"Бишкекжашылчарба" сейил бактарда жашыл эмес аймактарды дезинфекциялоону улантат.

Вице-мэр жетекчилерге ар бир кызматкер үчүн алардын жеке жоопкерчилигин эскертти. Бардык кызматтардын башчыларына кызматкерлерди бет кап, кол үчүн санитайзер жана башка дезинфекциялык каражаттар менен камсыз кылуу тапшырылды, алар шаарды коргоо үчүн иштөөнү улантышат.

Шаардык чарба департаменти жана шаардык финансы башкармалыгы биринчи зарылчылык муктаждыктар үчүн каражаттарды оптималдаштырат.

Урматтуу шаардыктар! Үйдө калып, шаарда себепсиз жол жүрүүнү, убактылуу токтотууну өтүнөбүз! Суранабыз, коомдук жайларда маска тагыныңыздар. Колду дайыма самын менен жууп, антисептик менен тазалаңыздар. Тартипти сактоо жана жоопкерчилик борборду вирустан коргоого жардам берет! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!

Шаар штабынын номуру: 625813, 0555839379  WhatsApp: 0705 025 010. Ошондой эле, компетенттүү кеңеш алуу үчүн, мамлекеттик санэпидем көзөмөл кызматына 0550 920241 номуру аркылуу кайрынсаыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!