Бүгүн интернет айдынында Токомбаев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги, тротуарда кулап жаткан эркектин видеосу пайда болгон.

Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы жана Октябрь райондук ИИБинин кызматкерлери ыкчам жөнөп кетишти.  Ал Н.Ч. аттуу азыркы учурда "Көк-Жар" конушунда жашаган, 25 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну болгон.

Жаш адамдын пристубу кармап кулаган, ал оорусунан улам каттоодо турат. Доктурлар текшерип, үйүнө жеткизишти. Абалы нормалдуу, бул учурдун коронавируска эч кандай тиешеси жок.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерди социалдык түйүндөрдөгү жана топтук чаттарда такталбаган маалыматты таратпоону суранабыз. Фейктердин авторлору тез арада табылып, катуу жоопкерчиликке тартылышат!

Мындай учурларда шашылыш түрдө тез медициналык жардамга - 103 жана милицияга - 102 кайрылыңыз.

Шаар штабынын номуру: 625813, 0555839379  WhatsApp: 0705 025 010. Ошондой эле, компетенттүү кеңеш алуу үчүн, мамлекеттик санэпидем көзөмөл кызматына 0550 920241 номуру аркылуу кайрынсаыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!