Бишкекке кирүү жана чыгуу 12 санитардык пост аркылуу гана болот. Шаарга кирип жатканда чыгуу-кирүү максаттары тастыкталып, ден соолук абалы текшерилет. Ал жерде медкызматкерлер, ӨКМ жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери нөөмөт өтөшөт.

Санитардык посттор коюлуучу жерлер:

Фучик көчөсү менен ЧЧКнын кесилишинде;
Жаш Гвардия бульвары менен Саадаев көчөсунүн кесилишинде;
Т. Молдо менен Саадаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
Курманжан датка көчөсү жана ЧЧКнын кесилишинде;
Жибек-Жолу проспектинин жана Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде;
Салиев көчөсү менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде;
Ауэзов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде;
7-апрель көчөсүндө;
Кожобергенов көчөсүнүн жана Улуу Жеңишке 50 жыл көчөсүнүн кесилишинде (Семетей көчөсүнөн жогору)
Дэн Сяопин көчөсү менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде;
Муромский көчөсү менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде;
Кожобергенов көчөсү жана Семетей көчөсүнүн кесилишинде.

Урматтуу шаардыктар! Үйүңүздөн чыкпаңыздар, өлкө боюнча сапарлардан оолак болууңуздарды өтүнөбүз! Бул абдан маанилүү!

Азык-түлүк жана товар жеткирүүчүлөр үчүн коридор камсыз кылынат.

Шаар штабынын номуру: 625813, 0555839379 WhatsApp: 0705 025 010. Ошондой эле, компетенттүү кеңеш алуу үчүн, мамлекеттик санэпидем көзөмөл кызматына 0555 920241 номуру аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!