Борбордо "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы сырткы жарыктандыруу тармагын модернизациялоо боюнча иштерди улантууда.
План боюнча 2020-жылга борбор калаанын төрт районунда, 10 миңге жакын жарык чырактардын орнотулушу каралган.
Жыл башынан тартып, Свердлов районунда жайгашкан 50 көчөдө 609 жарык чырагы менен алардын алдына 290дон ашык кронштейн орнотулуп, 30 км жакын электр линиясы жүргүзүлгөн.
Бул жолу Чыгыш-5 кичи районунун 7-апрель көчөсүн бойлой 23 шамчырак, 23  кронштейни менен орнотулду, ошондой эле болжолу менен 900 метр аба электр өткөргүч чубалгысы өткөрүлдү.
Ошондой эле, Чүй проспектисинен баштап Линейный көчөсүнөчейин 7-апрель көчөсүндөгү веложолдо жер иштөөлөрү жүрүүдө, 0,75 км. кабель өткөрүлүп, торшердик мамылардын, улуттук оюлар менен кооздоло турган бетон негиздер даярдалды.
Белгилей кетсек, бетон түптөр жана торшердик мамылар "Бишкекжарык" муниципалдык ишкананын жаңы цехинде даярдалат.
Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз! Жарык чыктактарды талкалабаңыздар! Алар ар бирибиз үчүн жарык берет!
Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныз болот.