Урматтуу шаардыктар! Эскертебиз, коронавирустук инфекциянын жайылуусунун алдын алуу жана шаардыктардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, борбордо коменданттык саат жарыяланды, күнү-түнү комендатуранын байланыш-борбору, шаардык жана райондук штабдар иштейт.
Эгер сиздин районуңузда, кварталнызда же бакчаңызда эпидемиологиялык кырдаал боюнча кандайдыр бир түшүнбөстүктөр, же суроолор жаралса, анда күнү-түнү иштеген райондук штабдарга чалыңыздар: 661537 – Биринчи май району, 656920 – Ленин району, 531583 – Свердлов району жана 576550 – Октябрь району.Шаардык штабдын номуру: 625813, 0555839379 WhatsApp: 0705 025 010.
Өзгөчө абал режиминде шаардын жашоо-турмушуна тиешелүү бардык маселелер боюнча, борбордун комендантынын ыкчам номурлары: 660710, 660248, 662134 аркылуу кайрылууга болот.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн башкы санитардык врачы Айгуль Бейшеналиева да дайыма байланышта: 0550 920241.
Биз шаардыктарды үйдө калууну, жеке гигиенаны күчтөтүлгөн тартипте сактоону суранабыз. Биз дайыма байланышта болуп, телефон аркылуу суроолорго жооп берүүгө жана жардам берүүгө ар дайым даярбыз! Чалыңыздар!
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!