Эч нерсеге карабастан, борбордук мэриянын жашын челленджи уланууда. Үч күн аралыгында "Шаардык парктар" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түштүк магистралдагы "Ынтымак" жаңы сейил багында сирендин 400 көчөтүн отургузушту.

Бишкек шаарына көчөттөрдү "Жердев Сад" бакчасы белекке берди, эми аларга "Шаардык парктар" ишканасынын кызматкерлери аяр камкордук көрүп, багып өстүрүшөт.

Ал эми “Тазалыктын” кызматкерлери, парктарда, жолдордо, тратуарларда жана гүлбакчаларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө, ошол эле учурда алар жашыл бөлүктөргө кылдаат мамиле менен өзгөчө көнүл бурушуп санитардык аралашуудан жабыркатпаганга аракет кылышууда.

"Шаардык парктар" муниципалдык ишкана, шаардык активист Калича Умуралиеванын жетекчилиги алдында иштеп жатканын эскерте кетели. Ал дайыма байланышта жана шаарды жашылдандырууну каалаган адамдар менен иштөөгө даяр. Телефон номуру: 0707 777 749 .

Бишкек-сүйүктүү жашыл шаарыбыз!