Азыркы учурда мэриянын 84 социалдык кызматкерлери, жалгыз бой улгайган жана ден-соолугу чектелген  шаардыктарга жардам берүүнү улантышууда, медициналык кызмат көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп үйлөрүндө 146 шаардыкты тейлейбиз, жумасына эки жолу, алты күнгө эсептелген ысык тамак алып барабыз. Коронавируска каршы күрөш учурунда өз алдынча жүрө алгандар, социалдык кызматкерлердин жардамынан  баш тартышып, алар менен телефон аркылуу байланышта болууну каалашты.

Социалдык кызматкерлерге коопсуздук максатында бөлмөлөрдүн дезинфекциясы күн сайын жүргүзүлөт, алар санитайзер колдонушуп, медициналык маскачаларды тагынышат.

Карылыр үйлөрүнүн жашоочулары дагы өзгөчө кароодо. Балдардын реабилитациялык борборлорлору, социалдык мекемелер карантинге жабылышты, көрүп барууга тыюу салынган жана зарылдыгы жок борбордон убактылуу эч ким чыгарылбайт.

"Коломто" башпаанасы, жана башка баш калкалоочу жайлар убактылуу карантинге өткөн. Келгендер кабыл алынат, бирок кое берилбейт.

Бүгүн социалдык ыңгайлаштыруу, балдар жана жаштар борборлорунда 25 бала, "Айданек" жашы жете элек балдардын калыбына келтирүү борборунда 56 бала, Ленин районунун карылар үйүндө 38 киши, Бишкек шаардык социалдык-стационардык мекемесиндеги ДМЧА менен ооруган — 200 адам жана "Коломто" башпаанасында 68 адам баш калкалоодо.

Урматтуу шаардыкта! Эгер сиз дагы биз менен чогуу муктаж болгондорго колдоо көрсөтүүнү кааласаныздар, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылыңыздар:

Биринчи Май РСӨБ - 0700 476546 Арсен Абдылдаев;

Свердлов РСӨБ - 0704 570513 Джамиляхан Джунусалиева;

Октябрь РСӨБ- 0772 670917 Рейна Султанмуратова;

Ленин РСӨБ - 0709 997441 Бүбүажар Мамбетсеитова.

Өзүңүздөргө кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!