"Сорос-Кыргызстан" фонду шаарык саламаттык сактоо башкармалыгынын уюлдук бригадаларына  жеке коргоонучу каражат (ЖКК) катары, атайын миң костюм өткөрүп берди.

ЖККлар Түркияда даярдалып, бардык тиешелүү сапатына кепилдик берилет.

"Сорос-Кыргызстан" фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимовдун айтуусу боюнча, жүз миң АКШ доллардан турган өзгөчө фонд түзүлүп, медициналык аппаратураларды жана башка коргоочу каражаттарды таркатууну камсыздайт.

Бүгүнкү күндө шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы менен бирге, республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлерине 500 коргоочу костюмдары берилди.

Социалдык саясат боюнча борбордун Вице-мэри Татьяна Кузнецова уюмдун кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, медиктерди, эпидемиологдорду коргоо баарынан жогору экендигин белгиледи. Бишкек мэриясы коопсуздук үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө күч-аракеттерин жумшоодо.

Эске салсак, Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен мобилдик бригадалардын саны 40 топко чейин жогорулаган.  Врач, эпидемиолог жана лаборанттын курамындагы медиктердин мобилдик бригадалары инфекция айкындалган учурларда шаардыктардын үйүнө барып, экспресс-тесттерди жүргүзүшөт. Ошондой эле, алар белгиленген аймактардан келген жана COVID-19 оорусунун белгилери бар болгон жарандардын ден соолугуна байкоо жүргүзүшөт.

Бишкек шаарынын мэриясы "Сорос-Кыргызстан" фондуна жана башка уюмдарга, кыйын кырдаалда жардамга кол сунганы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!