Бишкек шаарынын тургуну Эркиндик гүлбагы менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде таманташтарды алмаштыруу өтүнүчү менен ЖМКга кайрылган.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери  кайрылууда айтылган жерге ыкчам барышып, оңдо иштерин башташкан. Катуу жаандын суусу плитанын астына өтүп, кумду жууп кеткен. "Тазалык" ишканасы таманташтарды калыбына келтирди.

Урматтуу бишкектиктер! Жолдорду жана тротуарларды оңдоо маселеси боюнча 0555 888 161 телефон номуруна кайрылыңыздар.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!