Шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын кызматкерлери, дарыгерлерди,милиция, муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин ташышып, ишин улантууда.

Ар бир айдоочу үчүн жооптуубуз, алардын үй-бүлөсү, балдары бар. 136 кызматкердин үй-бүлөсүн колдодук, ал эми өткөн жумада 109 кесиптештерибизге жардам берилген.

Ошондой эле, мэр А.Суракматовдун тапшырмасы боюнча, шаардык бюджеттен автобус жана троллейбус айдоочуларынын айлык маянасын  төлөөгө 12 миллион сом субсидияланган.

11-майдан тарта автобустар, троллейбустар жана "Тулпар" командасы ишин жандандырат.

Коомдук транспорт (маршруткадан башка) санитардык коопсуздук чараларын катуу сактоо менен кечки саат 7ден 8ге чейин каттамы боюнча жүрө берет. Ал эми "Тулпар" карталарынын артыкчылыктары айкын көрүнүп турат: транспорттун коопсуздугу, чыгымдардын ачык — айкындуулугу жана эң негизгиси-накталай акча менен байланышсыз. Ал тургай, ДССУ акча купюраларды пайдалануудан алыс болууну сунуштайт.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга сак болуңуздар!

Бишкек-сүйүктүү күчтүү шаарыбыз!