Урматтуу шаардыктар, "Салам-Алик"конушунун жашоочулары! Шаар ишин улантууда. Манас көчөсүн бойлой, Көк-Сай көчөсүнөн Кокчетавский көчөсүнө чейин канализациялык түйүндү куруу иштери башталды.

Канализация тармагынын узундугу 482 метрди түзүп, жүзгө жакын үй кошула алат.

Түтүктөр "ГлавТехИнвест" подряддык мекемеси тарабынан ишке ашырылат, иштерди жүргүзүүгө шаардык бюджеттен 1 миллион 234 миң 445 сом каралган.

Келишим боюнча курулуш ушул жылдын жай мезгилиндедаяр болот.

Эске салсак, шаардын инфраструктурасын тоталдык өнүктүрүү боюнча иштер мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен өтүүдө.

Бишкек-сүйүктүү инфраструктуралык шаарыбыз!