Вице-мэр Азиз Алымкуловдун тапшырмасына ылайык, борбор шаарыбыздын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) муниципалдык жерди пайдаландыгы үчүн ижара акысын ири өлчөмдө төлөбөгөндөргө  рейддерди улантууда.

Карызкорлордун ичинде “Умид 2000” компаниясы бар. 2003-жылы бул компанияга Фере көчөсүндөгү 1,3 га жер участкасын ижаралоо шарттарында убактылуу пайдаланууга укугу берилген. Бирок, тилекке каршы, ишкерлер ижара үчүн төлөмдөрдү 2009-жылдан бери төлөбөй келишкен, 2020-жылдын 18-сентябрына карата  компания шаарга карызы 29 миллион 912 миң 829 сомду түзөт.

Антирейтинг боюнча кийинки орунда “Топ Строй” курулуш компаниясы турат. 2015-жылдын 5-мартындагы ижара келишимине ылайык,  компанияга Токтогул көчөсү 172деги аянты 251 чарчы метр  жана 220 чарчы метр жер участогу көп кабаттуу турак үй, дүкөн, кеңселер жана жер астындагы автопаркинг менен  долбоорлоо жана куруу үчүн ижарага 49 жылдык мөөнөткө берилген.

Оозеки жана жазуу түрүндө бир нече жолку билдирүүлөргө карабастан, “Топ Строй”  шаарга жер участокторун берген күндөн тартып, башкача айтканда  5 жылдан бери төлөбөй,  шаардык бюджетке  карызы 751 миң 274,58 сомду түзөт.

Кулиев көчөсү 118 деги №39 гараж кооперативи 10 жылдан бери муниципалдык жер участогун ижарага алуу үчүн акы төлөбөй келген.

2004-жылы азыркы турган гараждар үчүн аянты 3,22 га жер участогу берилген. 2010-жылдан тартып жергиликтүү бюджетке керектүү ижара акылары түшкөн эмес, 2020-жылдын 18-сентябрына карата карызы 7 миллион 33 миң 618 сомго жеткен.

Шаардык мэриянын “кара тизмесиндеги” кезектеги объект, Т.Айтматов көчөсүндөгү жер участогунун ижарачысы.

2015-жылы ал жаран С.М. Ого  5 жылдык мөөнөткө турак эмес жайлары бар кирүү тобу үчүн берилген. Учурда имаратта бир нече уюмдар иш алып барышууда, анын ичинде тигүү цехи да бар.

2016-жылдын экинчи кварталынан бери ижарачы ижара акысын төлөгөн эмес. Шаарга карызы 66 миң 212 сомго жеткен.

ЖРБ карыз ижарачыларга 5 күндүн ичинде карызын төлөө тууралуу кабарлайт.

Карызын төлөбөгөн учурда, ЖРБ комиссиянын жакынкы жыйындарында келишимди бир тараптуу бузуу, карыздарды өндүрүү жана соттук тартипте жер участогун муниципалитеттин балансына кайтаруу маселелерин киргизет.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдаландыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп туруунуздарды суранабыз.

Бишкек –сүйүктүү укуктуу шаарыбыз!