Бизге шаар тургундарынан №4 кичи районундагы №133 бала бакчанын жанында жайгашкан таштанды челегин башка жерге которуу боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Октябрь районунун башчысынын орун басары Таалайбек Акматбаев жана райондук кызматтардын, №11 МАБдын кызматкерлери дароо аталган дарекке барып, бала бакчанын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан контейнердик аянтчаны жана аны менен бирге ошол аймакты көрктөндүрүү маселелерин чечишти.

«Тазалык» муниципалдык ишканасына №4 кичи районунун аймагына ишембилик өткөрүү, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына бактарды санитардык бутоо иштерин күчөтүү, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына тышкы жарыктандырууну орнотуу тапшырылды.

Ал эми Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин көчмө жыйындарынын жыйынтыгында №6 кичи районунун №6, 8, 9 үйлөрүнүн жанындагы жолдо жана №82 бала бакчанын тротуарында чуңкурларды жамоо иштери жүргүзүлүүдө. «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы №9 кичи районунун 3а үйүнүн жанына жарыктандырууну орнотту. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы бактарды санитардык бутоо иштерин жүргүзүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номери аркылуу калтырсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жибериңиздер. Октябрь районунун тургундары акимге түз байланыша алышат: 0555 737574.

Ошондой эле, биз бардык социалдык тармактарда барбыз. Биз дайыма байланыштабыз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!