Бизге Манас проспектиси жана Киев көчөсүнүн кесилишинде, тротуардын үстүнө цемет аралашмасын даярдап жатат деген билдирүү келип түшкөн.

Мамэкотехинспекциянын жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери дароо жерине барышты.

Текшерүүдө «Восточка» кафесинин кожоюндары уруксатсыз эле кошумча курулуштун пайдубалын куюп жатышкандыгы маалым болду.

Түшүндүрүү иштеринен кийин кафенин кожоюндары өз ыктыяры менен мыйзамсыз курулушту алышты.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз!

Эгерде мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектилерди көргөн болсоңуздар, бузуулардын сүрөт жана видеолорун 0703633833 номерине, ошондой эле Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/ Instagram: @uzs.bishkek Twitter: @uzsmeriakg социалдык баракчаларына калтырсаңыздар болот.

Биз дайыма байланыштабыз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар! Вирус бар жана ал абдан кооптуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!