«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине экскурсияга барышты. Ишкананын 60 тан ашык  кызматкери сүрөт галереясында жана көргөзмө залында болушту.

Сугатчыларды, чөп оргон, гүл отургузган, күнөсканада иштеген  кызматкерлерди жетектөөчү илимий кызматкер Алтынай Кудайбергенова жана экскурсовод Замира Сайназарова тосуп алып, санитардык эрежелерди сактоо менен музейдин ичине экскурсия өткөрүштү.

Кызматкерлердин арасында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да бар.

Көпчүлүгүбүз музейге биринчи жолу бардык, гиддердин кызыктуу окуяларын угуп,   бардыгы ыраазы болуп кайтышты.

Бишкек шаарынын мэриясы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин илимий популяризациялоо бөлүмүнүн башчысы Алмакан Назайбековага  кызыктуу экскурсия уюштуруп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, маданий агартууга каражат ишкананын профсоюзунан бөлүндү.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!