Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын беренесине ылайык, турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Алимбек Абдылдаев жана социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева кызматтарынан бошотулду.

Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу  Адилет Малдыбаев кайрадан мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана каржы бөлүмүн жетектейт.

Анарбеков Абдес Сыпарбекович мэрдин милдетин аткаруучунун кеңешчиси болуп дайындалды, ошондой эле ага аппарат жетекчисинин милдеттерин убактылуу аткаруу тапшырылды.

Тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!