Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Акыркы мезгилде  бизге бишкектиктерден борбор калаадагы автобустардын аралыгы боюнча кайрылуулар жана арыздар келип түшүүдө.

Кечирим сурайбыз! Автобустардын аралыгы чындыгында бир аз алыстады, бул транспорттун бузулушуна байланыштуу жана учурда тетиктер талап кылынат. Элдик кошуундарды ташыган дагы 13 муниципалдык автобус октябрь айынын башындагы башаламандык учурунда бузулуп, каптал терезелери талкаланган.

Адатта каттамга болжол менен 110-115 автобус чыкса, акыркы күндөрү 90го жакын автобус каттамга чыгууда.

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы  тетик  бөлүктөрүн  сатып алууга тендер жарыялады (http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=248859816, http://zakupki.gov.kg/popp /view/order/view.xhtml?id=248529819), биз унааларды мүмкүн болушунча эртерээк тартипке келтирип, бардык каттам  автобустарын чыгарабыз.

Урматтуу шаардыктар! Коомдук транспорттун иши боюнча биз ар дайым байланыштабыз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!