Мэрияда кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Ырсалиев Жамалбек Самарбекович борбор калаанын турак жай-коммуналдык иштери боюнча вице-мэр болуп дайындалды. Буга чейин ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.