Балдардын социалдык адаптация борбору 20 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

Борбордун балдары жана кызматкерлери санитардык эрежелерди сактоо менен  чакан концерт уюштурушту.

Белгилей кетсек, 2000-жылы Норвегия өкмөтү ПРООНдун каржы кеңсеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле Бишкек мэриясынын токтому менен Балдардын социалдык адаптация борбору түзүлгөн.


Анын курулушун норвегиялык «Селм ер»  компаниясы жүргүзгөн. Аянты 54 гектар, ал жерде  жыгач коттедждер, административдик имарат, 6 турак жай, 2 мастерская, ашкана, актовый залы, кампа, гараж жана буу казаны бар.

Борбордо 4 жаштан 18 жашка чейинки балдар жашайт. Ал 70 орунга ылайыкташтырылган, учурда анда 32 бала жашайт. Бул жерде турмуштук оор кырдаалда турган жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга жана өспүрүмдөргө социалдык, медициналык, психологиялык жана педагогикалык кызмат көрсөтүлөт.

Районго балдар  Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү, ички иштер башкармалыгы  жана башка органдардан түзүлгөн комиссиянын чечими менен алынып келинет.

Борбордун директору Атамырзаева Мукарам Атамырзаевна.

Мэрия борбордун кызматкерлерин  маараке менен куттуктайт! Боорукер жүрөгүңүздөр үчүн, Балдарга болгон чексиз сүйүүңүздөр үчүн ыракмат!

Урматтуу шаардыктар! Эгер сиздер Балдарга жардам бергиңиз келсе, аларды төмөнкү даректерден таба аласыз:

1. Балдарды социалдык адаптациялоо борбору: Жал кичи району,. Курчатов көчөсү,  70, тел. 0550 656 521;

2. "Айданек" жашы жете электердин реинтеграциялык борбору: Учкун конушу, Сатыбалдиев көчөсү,  97, тел: 0700 480 635.