Бүгүн, мэриянын  жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү Ак үйдүн айланасындагы тосмону буза башташты.

Саат 14:00дө 145 метр алынды, жалпы узундугу 820 метр.

7 бирдик атайын техниканы тартуу менен 40ка жакын кызматкер тартылган.

Түштүк-чыгыш тарабындагы бир бурчту кошпогондо, имараттын бардык периметри боюнча тосмолор алынат, ал жерде 2010-жылдагы Апрель окуясында каза болгондордун ысымдары жазылган такталар бар.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!