Биринчи май акимиаты райондук МАБдар менен биргеликте көмүр сатып жаткан соода түйүндөрүнүн ишин текшерүүдө.

Адаттагыдай эле, биз күз-кыш мезгилинде көмүрдү саткандарга   көмүр баасынын жогорулашына жол бербөө жана көмүр сатуу пункттарынын айланасында тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Көмүрдүн жетиштүү запасы бар экендиги аныкталды.

Бир кап көмүрдүн (Кара-Кече) баасы 170 сомдон 180 сомго чейин, ал эми бир тонна көмүрдүн баасы 3700-3800 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, калаанын Биринчи май районунун 800дөн ашык тургуну Социалдык өнүктүрүү  башкармалыгы тарабынан  почта бөлүмдөрү аркылуу 5,700 сомдон  көмүр сатып алууга акчалай компенсация алышты.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp  колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!