Шаар өз ишин улантууда. Шаардык кызматтар жаңы коомдук жайларды,  алардын бири "Ынтымак - экинчи кезек" жаңы паркынын курулуш иштерин жүргүзүп жатышат.

Долбоордун үстүнөн "Бишкекасфальтсервис", "Бишкекжарык" муниципалдык ишканалары  жана "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы иш алып барышууда. "Бишкекбашкыархитектура" парктын долбоорун иштеп чыкты.

16-ноябрга карата "Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасы веложолго жана унаа токтоочу жайга таман таштарды жана асфальт төшөп жатат. Медициналык пункттун жана даараткананын курулушу аяктады.

Жасалгалоо жана каптоо иштери активдүү жүрүп жатат, амфитеатр сахнасы аяктап, боз үйдүн формасында стеланын тирөөч конструкцияларынын алдына пайдубал куюлуп бүттү. Ошондой эле, террасасы менен бассейнде жасалгалоо иштери башталды. Жакында фонтандары менен комуз жана түстүү инсталляциясы менен бассейн орнотулат.

Парктын айланасына "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын адистери жарык берүү үчүн түркүктөрдү орнотушту.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери  парктын аймагына Hunter автоматтык сугаруу тутумун орнотушту.

Баса, биз балдар үчүн инклюзивдик аянтчанын пайдубалына бетон даярдап жатабыз. Ротари Интернешнл клубу балдарга, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таза абада машыгуулары үчүн атайын түркиядан жана орусиядан шаймандарды сатып берди. Инклюзивдүү аянтча  биз пайдубалын даярдап бүтөөрүбүз менен жеткирилет жана орнотулат.

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!