Шаар ишин улантууда. Эч нерсеге карабастан, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык  ишканасы шаардыктардын кызматында, анткени бишкектиктердин үйлөрү ар дайым жылуу болушу керек.

Бардык тапшырмалар аткарылды. Жылытуу мезгилде "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын кызматкерлери  2,234 метр жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо түтүктөрүн алмаштырышты. Ошондой эле, инженердик коммуникацияларды орнотууда,  жер иштерин жүргүзүү учурунда бузулган жерлерди калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүп, 170 чарчы метр асфальт жана  44 метр таман  таш калыбына келтирилди.

Баса, жылытуу мезгили өз убагында, эч тоскоолдуксуз башталды. Азыр бардык буу казандар кадимки режимде иштеп жатат.

Урматтуу шаардыктар, "Бишкекжылуулукэнерго" КПнын абоненттери, эгер сиздердин үйдө  жылуулук же ысык суу маселеси келип чыкса, биздин диспетчердик кеңсеге күнү-түнү: 21 29 06, 0701 777110 номурлары аркылуу чалсаңыздар болот.

Эскерте кетсек, ишкана шаардын батыш тарабын тейлейт: Жал, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Совмин турак жай шаарчасын, калгандарынын бардыгын улуттук энергетикалык холдингдин туунду компаниясы «Бишкекжылуулуктармагы» ААК  жылуулук менен камсыз кылат.

"Бишкекжылуулуктармагы" ААК:
- (0312) 61-11-69 - керектөөчүлөрдү колдоо борбору;
- 36-57-19, 30-07-67 - Борбордук райондо нөөмөттө турган инженерлер;
- 51-06-22, 21-74-06 - Түштүк аймакта нөөмөттө турган инженер;
- 56-85-58 - диспетчердик кызмат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!