Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматчыларына иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” деген темада окутуучу семинарларды өткөрдү.

Ошондой эле семинарларда “Кыргызтест” жөнүндө маалыматтар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамадагы өзгөрүүлөр” каралды.

2020-жылдын январь-ноябрь айларында жалпы 630 кызматчы окутуучу семинарларга катышты.

Бардык окутуучу семинарлар учурдагы кырдаалга карата, санитардык эрежелерди жана аралыктарды сактоо менен өткөрүлүп жатат.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!