Шаар өз ишин улантууда. Биз ар дайым шаардын күзөтүндө болуп, муниципалдык ишканалардын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Бүгүн, 38 бирдик атайын техниканы тартуу менен жол тейлөө башкармалыгынын 25 кызматкери ишке чыгышты: 25 бирдик, 4 универсал УКМ машинасы, 5 "Беларусь" кичи трактору,  2 жүк ташуучу ЗИЛ-130 жана 2 фронталдык жүктөгүч.

Эртең менен болжол менен 448 тонна техникалык туз сарпталды.

Штаттык режимде катуу таштандыларды чыгаруу үчүн 650гө жакын көчө шыпыргычтар, 123 жүктөгүч, санитардык тазалоочу кызматкерлер жана 105 адамдан турган иштеп жатышат.

Урматтуу шаар тургундары! Жолдорду, тротуарларлды кардан жана муздан тазалоо боюнча арыздарды 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу мэриянын колл-борборуна калтырсаңыздар болот. Ал эми кайрылуулардын сүрөт жана видеолорун 0554 182 185 номери кабы алат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!