«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы борбордун дизайн-коддун иштеттүүсүн улантып жатат.

2020 – жылы «Бишкекбашкыархитектуранын» жеңил түрү бөлүмүнүн адистери ишкерлер менен биргеликте сатуучу күркөлөрдүн эскизинин бир нече варианттартын иштеп чыгышкан. Калаадагы Москва көчөсүндө жайгашкан сырткы көрүнүшү  жакшы эмес күркөлөр  жөнүндө кеп болуп жатат.

Биздин адистер соода түйүндөрүнүн тышкы көрүнүшүнүн эскизинин бир нече варианттарын бекер иштеп чыгышкан. Андан соң ишкерлерге сунуш кылышты. Жакында эле шаардык ишкерлер биздин сунуштар боюнча  Үсөнбай жана Москва көчөлөрүндөгү өзүнүн дүкөндөрүнүн сырткы көрүнүшүн өз калыбына келтиришти. Эми күркөлөрдөгү жазуулардын түсү жана шрифтти бирдиктүү стилде.

Бул багытттагы иш уланып жатат.