Урматтуу шаар тургундары!

Жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин учурдагы тизмеси "Фрунзе шаарынын тарыхый жана маданий эстеликтерин коргоого алуу жөнүндө" Кыргыз ССР Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеңешинин Аткаруу комитетинин токтому менен бекитилген.

Бул токтом  "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"  Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде күчүн жоготту.

"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесин эсепке алуу, коргоо жана контролдоо ыйгарым укугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн. Бирок, учурдагы мыйзамдарда кайсы орган тизмени - аткаруу бийлигинин (мэриянын) же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүгүнүн (БШК) бекитээри так аныкталган эмес.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши  Бишкек шаарынын мэриясын ыйгарым укуктуу орган кылып дайындады. Эми биз жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесин, анын ичинде Ысык-Көл мейманканасынын статусун жүргүзөбүз.