Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте райондун аймагын мыйзамсыз курулуштардан тазалоодо.

Бул жолу Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 18 жеңилдетилген типтеги объект, ошондой эле Ахунбаев көчөсүндө Юнусалиев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин жана Горький көчөсүндө Байтик Баатыр көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин мыйзамсыз орнотулган 20 жарнама такталары алынды.

Белгилей кетсек, райондун аймагындагы башаламан соода сатык менен күрөшүү иштерин күн сайын жүргүзүп келебиз.
Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз.

Эгерде сиздер мыйзамсыз же туура эмес жерге орнотулган объектилерди көргөн болсоңуздар, анда дароо биздин социалдык тармактардагы баракчабызга жазыңыздар:

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/