И.Раззаков атындагы  мемориалдык үй-музейинде Экологиялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага КРнын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, экология жана саламаттыкты сактоо жаатындагы эксперттер жана талдоочулар катышты. Эксперттик экологиялык коомчулук 2021-2023-жылдарга Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын этап-этабын талкуулашты.

Катышуучулар долбоордун ар бир пунктун ар тараптуу карап чыгып, түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишип,  кемчиликтерди четтетишти. Бирдиктүү тактика айлана-чөйрөнү коргоо маселесин чечүүнүн келечектүү жолдорун өзүнө камтыйт: алардын арасында пландаштыруу, шаар куруу жана долбоорлоо, жылуулук менен камсыздоо жана жылытуу, абанын булгануусун көзөмөлдөө жана башкалар. Коомдук талкуу үчүн мындай аянтчалар тынымсыз уюштурулуп турат.