Ленин акимиаты сойкуканаларды уюштурууга жол бербөө жана аларды алдын алдын-алуу, коомдук тартипти камсыз кылуу иштерин улантууда.

Ленин акимиатынын адистери, Райондук ички иштер башкармалыгыны  жана  милициянын кайгуул кызматкерлери менен биргеликте мейманканаларды текшерүү үчүн түнкү рейд өткөрүштү.

Кечки саат 20:00дөн түн ортосуна чейин Кулиев, Павлов, Рыскулов көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде жайгашкан конок үйлөрүн текшерип чыктык, атайын топ тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган жок.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесине ылайык, сойкулук үчүн сойкуканаларды уюштуруу, тейлөө, же бузукулук үчүн маалымат жайылтуу, сутенердик кылуу V категориядагы айып же I категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.Ошол эле жосундарды он алты жашка чыга элек адамдарды пайдалануу менен жасалса- VI категориядагы айып же II категориядагы эркиндигинен ажыратуу каралган.