Таң эртеден калаанын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн  башчылары менен биргеликте шаарды текшерүүдө.

Бүгүн Свердлов районунун аймагы вице-мэрдин тыкыр көзөмөлүнөн өттү.

Ж.Ырсалиев Чүй проспектисин 7-апрель көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки абалын жана "Мадина" соода-көңүл ачуу комплексине чектеш аймакты текшерди.

Вице-мэр санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча шаардык кызматтардын иши жетишсиз экендигин белгиледи.

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясына коомдук жайларда көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга каршы күрөштү күчөтүү тапшырылды.

Свердлов районунун акими Мурат Осмоновго "Мадина" базарынын администрациясы менен сүйлөшүп, базарга жакын жайгашкан аймакты тез арада тазалоо, башаламан сооданы жоюу  жана базардын айланасындагы унаа токтотуучу жай маселесин чечүү тапшырылды.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы бардык куураган бутактарды алып, жаңы бак-дарактарды, бадалдарды отургузат, ошондой эле "Бишкекбашкыархитектура" менен биргеликте 7-апрель көчөсүн бойлой жашыл аянтчалардын долбоорун иштеп чыгышы керек. Борбор калаанын архитекторлоруна  имараттардын сырты көрүнүшүн иретке келтирүү сунушталды.

"Бишкекжарык" жана "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканаларына 7-апрель көчөсүнүн чыгыш тарабындагы аллеяны иретке келтирүү, тышкы жарыктандырууну орнотуу, таман таштарды төшөө жана ирригациялык тармактарды иретке келтирүү тапшырылды.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына мыйзамсыз орнотулган жарнак мамыларын жана жеңилдетилген типтеги объектилерди алуу  тапшырмасы берилди.

Бул багыттагы иштер дагы улантылат.