Шаар COVID-19 илдети менен күрөшүүнү улантууда. Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдин тапшырмасы менен автобустарда, троллейбустарда жана кичи автобустарда санитардык көзөмөл күчөтүлдү.

Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери, патрулдук милиция кызматы, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министирлигинин алдындагы транспорттук инспекциясы жанаБишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте коомдук транспорттордун салондорунун санитардык абалын, тазалоочу каражаттардын болушун жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн бет кап  режиминин сакталышын текшеришти.

Пандемиянын шарттарын бузган ар бир бузуучуга эскертүү берилди, эгерде кайталап мыйзам бузулса, анда бузуучуга Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлөт.

Белгилей кетсек, февраль айынын башынан бери 337 унаа текшерилип, айып пулдун жалпы суммасы 59 миң сомду түздү.

Урматтуу шаардыктар!  Бет кап кийип, колуңуздарды  антисептик менен тазалаңыздар. Автобустар менен троллейбустардагы накталай төлөмдөрдөн  алыс болуп,  “Тулпар” картасын колдонуңуздар.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!