Оор мезгилде колдоо көрсөтүү баарынан маанилүү.
Турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин демилгеси менен Дубай шаарындагы IHSAN-HAIRIA кайрымдуулук фонду “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине колдоо көрсөттү.
45 жашылдандыруучуга бардык керектүү буюмдары бар азык себеттери тапшырылды.
Бишкек шаарынын мэриясы IHSAN-HAIRIA фондусуна көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.