Октябрь районундагы  №112  балдарды өнүктүрүү борборунун базасында борбор калаадагы бала бакчалардын тарбиячылары үчүн “ Балдардын көркөм чагылдыруу искусствосун өнүктүрүү”  деген аталышта семинар болуп өттү.

Мугалимдер балдардын кичи моторикасын туура өнүктүрүү үчүн пластилинден жасалгоо техникасы менен таанышышты.

Семинарды билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Майтикова. №112 балдарды өнүктүрүү борборунан Алима Орозумбекова, №73 бала-бакчасынан Наталья Винникова, жана №180 бала-бакчасынан Салтанат Базарова уюштурду.
Семинардын максаты - тарбиячылардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, жаңы билим алуу жана практикалык иш-аракеттерди өздөштүрүү болду.