Шаар ишин улантууда. Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы  коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартип эрежелерин бузгандарга каршы күрөштү улантууда.

Санитардык патрулдун кызматкерлери антисанитардык фактыларды Чүй проспектиси, 309/1 дарегинде жайгашкан "Кыргызтелеком" ишканасынан, 7-апрель көчөсүнүн 1/1 дарегинде жайгашкан "Памир Строй", Л.Толстой көчөсүнүн 242а дарегинде жайгашкан "Оргтехстрой", Юнусалиев көчөсүнүн 95 дарегиндеги "Роза-Мимоза" дүкөнүнөн,  "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасынан  (№2 темир жол станциясы) аныктады.

Эрежелерди бузгандарга экинчи категориядагы  Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70-беренеси боюнча айып пул салынды: жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом.

Өндүрүштүк таштандыларды ыргыткандыгы үчүн, “Авангард”  борборунун ижарага алуучусу  Э.Б.Эсенжоловага карата Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 71-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү  жана Анкара  көчөсү 1 / 20а дарегинде жайгашкан Мойдодыр унаа жуучу жайынын ээсине Бөлөкбаева.Э.Дж.га 7500 сом айып пул салынды. Таштандыларды өрттөгөндүгү үчүн Ч.Валиханов көчөсүнүн 2Б/2 дарегиндеги темир чогултуучу пункттун ижарага алуучу  Санымбаева У.К.га 5500 сом өлчөмдөгү айып пул салынды (71-берененин 1-бөлүгү).

Ошондой эле, Фрунзе көчөсүнүн 571 дарегинде жайгашкан "Курулуш”, Чортеков жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Шень Чжень Сайвей интеллект" компаниялары жоопкерчиликке тартылышат, алар жол тейлөө эрежелерин бузушкан.
Урматтуу шаардыктар! Шаарды таза кармайлы! Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы дайым байланышта: 0705 564 756.