Март айынан баштап борбордун тазалоочуларынын эмгек акысы дээрлик 40% га жогорулайт.

Ошондой эле, ай сайын, ишинин жыйынтыгы боюнча өз убагында жана натыйжалуу иш жасап, айырмаланган  ишкананын кызматкерлерине эмгек акынын 30% өлчөмүндө стимулдаштыруучу сыйлык берилет.

Кызматкерлерге айлыктарын жана сыйлык акыларын көтөрүү борбордун мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рыспек Сарпашовдун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, 8-марттын алдында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын (айым) кызматкерлери сыйланат.