Вице-мэр Айжан Чыныбаева акциянын уюштуруучуларына шаардыктар менен жергиликтүү бийликке  көрсөткөн колдоосу жана кызматташтыгы  үчүн ыраазычылык билдирди.

Ыраазычылык каттар менен  "Парижанка", Erkaishera жана  сулуулук салонунун чеберлери Салтанат Тургунбекова жана Эркеайым Шергазиева сыйланышты.

Эске салсак, кайрымдуулук акциясынын алкагында борбор калаанын сулуулук салондорунун чеберлери улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде, "Айданек" жашы жете элек балдардын реинтеграциялык борборунда сулуулук күндөрүн уюштурушкан.