Октябрь районунун акимиатында райондун башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакуновдун жетекчилиги алдында киреше боюнча штабынын жыйыны өттү.

2021-жылга жергиликтүү салык жыйымдарынын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылыш маселеси каралды.

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук башкармалыгы тарабынан жылдын башынан баштап  жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салык төлөмүн жыйноо 193 миллион 443 миң сом өлчөмүндө түштү. 2020 – жылы эки айдын жыйынтыгында аткарылыш 190 миллион 189 миң сом түзүлдү же башкача айтканда аткарылыш былтыркы жылга караганда 102 % аткарылды.

Райондук кызматтар жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн  аткаруу иштерин улантышат.