Борбор калаанын мэриясы шаардын көрүнүшүн ирээтке келтирип, мыйзамсыз объектилерден тазалоону улантууда.

Кечээ, 4-март күнү Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын тобу жана Биринчи май акимиатынын адистери менен биргеликте «Ала-Тоо» аянтында жана Панфилов жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган жеңилдетилген типтеги объектилер жана оюн конструкцияларын жоюу максатында рейдке чыгышты.

Белгилей кетсек, биз стихиялуу объектилердин кожоюндарынан мыйзам түрүндө иштеп баштоону суранганбыз, бирок эскертүүлөргө карабастан, сатуучулар шаардын көчөлөрүнө, бульварларына, тротуарларына кайтып жатышат, шаардыктардын жолун тосуп, өзүнүн конструкцияларын жашыл жерлердин үстүнө орнотушууда.

Бул жолу бизге болжол менен 20 мыйзамсыз объектилерди жоюуга туура келди.

Бул багыттагы иштер уланууда.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Шаардын аймагында сатуу эрежелерин сактоону суранабыз.